Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Бишкекке Сауд Арапстандын парламенттик делегациясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Сауд Арапстандын парламентинин спикери Салех Бин Абдулла Бин Хумейд жетектеген делегация иш сапары менен келди. Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, делегация кош палата төрагалары, президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Ош, Ысыккөл облустарынын губернаторлору менен жолугушат. Жолугушууда эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болот. Андан тышкары делегация мүчөлөрү Оштогу Сулайман тоосуна барып сыйынышып, Ысыккөлдө облустун инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуу маселесин иликтейт. Эл өкүлдөр жыйынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Арапстандык делегация төрага Алтай Бөрүбаевдин чакыруусу менен келди.

XS
SM
MD
LG