Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

САУД АРАПСТАН КЫРГЫЗСТАНДА ИНВЕСТОРЛОРГО ШАРТ ТҮЗҮЛҮШҮН КААЛАЙТ


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Сауд Арапстан падышалыгынын парламенттик делегациясы дүйшөмбүдө Кыргызстанга ырасмий сапар менен келди. Бир аптага созулчу сапар учурунда делегация бир катар расмий жетекчилер, ишкер чөйрөлөр менен жолугушуп, облустарды кыдырышмакчы. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын чакыруусу боюнча келген Саудия парламенттик делегациясын алгач төрага Алтай Бөрүбаев кабыл алды. Бул күнү делегацияны президент Аскар Акаев да кабыл алды.

Сауд Арапстан Королдугунун Аш-Шура межилисинин төрагасы Салех Бин Абдулла Бин Хумейд жетектеген парламенттик делегация менен Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев баштаган депутаттардын жолугушуусунда кызматташтыктын экономикалык өңүттөрүнө басым жасалды.

Бирок адегенде тараптар эл аралык терроризмге каршы күрөшкө, Жакынкы Чыгыштагы жана Ирактагы жагдайга байланышкан маселелер боюнча пикир алмашты. Спикер Алтай Бөрүбаев Сауд Арапстандын терроризмге каршы күрөштөгү, чырдуу аймактарды жөнгө салуу багытындагы аракеттерин жогору баалады. Буга ыраазычылык билдирген Аш-Шура межилисинин төрагасы Салех Бин Абдулла Бин Хумейд Сауд Арапстандын дүйнө элинин калкынын тынчтыгын камсыз кылууга салым кошуу бул өлкөнүн башкы милдеттеринин бири экенин белгиледи:

- Силер айтып кеткендей, биздин Палестинадагы туугандарыбыз 55 жылдан бери зулумдукту көрүп келатышат. Ошондуктан биз азыркы кезде Палестинге тынчтык орнотууга жана өз укуктарын палестин элинин колуна берүүгө байланыштуу чоң аракеттерибизди көрүп жатабыз. Ошондой эле Ирак өлкөсү да өзүңөр билгендей башынан кыйынчылыктарды өткөрүп атат. Ошондуктан, Иракты өз эли башкарса деген аракеттебиз.

Межилис спикеринин айтымында, Кыргызстан менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү демилгесин Арапстан ар учурда колдойт жана ага даяр.
Бул эки өлкөнүн алакалары 1992-жылы кол коюлган дипломатиялык, экономикалык мамилелер жөнүндөгү макулдашуулардын негизинде башталган. Мындай документтерге президент Аскар Акаевдин расмий сапарынын учурунда кол коюлган. Бирок экономикалык кызматташтыктагы бүгүнкү жагдай эки өлкөнү канааттандырбай тургандыгы белгиленди.

Төрага Алтай Бөрүбаев жолугушуу учурунда Саудия менен экономикалык кызматташуунун төрт багытын атады. Алар - айыл, мал чарбачылыгы, жер иштетүү, энергетика, тоо-кен, туризм жана альпинизм тармактары. Төрага Бөрүбаев бул өңүттө оюн минтип билдирди:

- Улуу урматтуу Салех Бин Хумейд, урматтуу коноктор, ушул бийик делегациянын сапары биздин кызматташтыгыбызды кеңейтет жана жаш эгемен Кыргызстандын экономикасын бекемдөөгө каражаттын тартылышына жардамы тиет деген ойдомун.

Делегация мүчөлөрүнүн пикирлерине караганда, кызматташтыкты арттыруу үчүн ириде Кыргызстанда инвесторлорго шарт түзүү зарыл. Маселен, 1991-жылы Кыргызстанга Сауд Арапстандан келип кеткен 80ден ашык ишкердин бири, Жалалабад облусундагы «Нур» заводунун демөөрчүсү, Кыргыз-Сауди кызматташтыгы боюнча парламент комитетинин башчысы Мухамед Бин Абдул Карим Бакрдын пикирине караганда, шарттын начардыгы ошол кезде күргүштөп келген ишкерлердин демин суутуп койду:

- Эгер абал ушундай болсо - ачык айтып коюуга уруксат этиңиздер, мындан ары эч кандай инвестиция же кандайдыр бир салым болушу мүмкүн эмес. Силерде экономикалык жана салык системасы абдан жакшы экен. Бирок силер башка ишкерлерди, инвесторлорду тартуу үчүн жеңилдиктерди ойлоп табышыңыздар, сунуш кылышыңыздар керек.

XS
SM
MD
LG