Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Нарын районунда чарчап калган наристелердин саны өсүп кетти


НАРЫН. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында облуста жаңы төрөлгөн 56 ымыркай көз жумса, мунун жыйырмасы Нарын районунда болгон. Ушул мезгилде 34 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынган эмес. Ошол эле учурда райондун кээ бир айылдарында эмдөө 150 пайызга аткарылган деген ырасмий маалымат таратылган.
Мындай билдирүүлөр 1-июнь күнү болуп өткөн райондук акимчиликтин коллегиясында айтылды. Анда облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун төрагасы Данияр Жумаев райондо кадрлардын жетишпестигин, бүгүнкү күндө 70 пайыз врачтар пенсия жашында экендигин маалымдады. Бирок район акими Сактанбек Паязов мындай пикирлерди четке кагып, дарыгер болуп иштөөгө көп адамдар кайрылып жаткандыктарын, райондо медициналык кароолордун солгундугун белгиледи.

XS
SM
MD
LG