Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Фестивал "Биздин жаштыктын ырлары" деп аталды


БАТКЕН. 5-июнда Баткен облусунда "Биздин жаштыктын ырлары" аттуу облустук фестивалы өттү. Өз учурунда белгилүү болгон ырларды кайрадан алып чыгуу максатында, облусттук маданият башкармасы уюштурган бул иш чарага облустун баардык район, шаарларынан ырчы, аткаруучулар катышты. Фестиваль 5 бөлүк менен, тактап айтканда, 1950-жылдардан 2000-жылдарга чейинки ар 10 жылдыктагы элдин эсинде калган белгилүү обондуу чыгармаларды аткаруу менен өттү. Анда өзгөчө Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев, Түгөлбай Казаков сыяктуу белгилүү обончулардын өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы чыгармалары зор чеберчилик менен аткарылды. Фестивалдын соңунда мындай иш чара облуста эле эмес, республикада биринчи жолу өтүп жатканы, мындан ары ар жыл сайын өткөрүүлөрү айтылды. Жүрөккө жакын, уккулуктуу эски ырлар эч качан унутулбастыгы белгиленди. Аткаруучулук чеберчилиги менен айырмаланган ырчылар баалуу белектер менен сыйланышты.

XS
SM
MD
LG