БИШКЕК. Чүй облустук ички иштер кызматы телефон аркылуу чуу салуу фактысы боюнча ишти коопсуздук кызматына териштирүүгө берди. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук ички иштер кызматынын күзөт бөлүмүнөн кабарлашты. Мындай факт 2-июлда Токмок шаарында катталган. Студент кыз бул күнү шаардагы №7 орто мектептин директоруна чалып, имаратта жардыруу болоорун кабарлаган. Бул маалыматтын негизинде мектеп текшерилип, бирок жардырчу зат табылган эмес. Ал эми ички иштер кызматы жалган маалыматты телефондон кимдин айткандыгын эки сааттан кийин эле аныктаган.