Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Ашыркуловго кол салуу фактысы боюнча сот жараяны болду


БИШКЕК. Бүгүн Биринчи май райондук соту Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу боюнча кылмыш ишин карады. Жабырлануучунун адвокаттары буга чейин сотко арыз менен кайрылып, айыпталып жаткан адамдын психикалык саламаттыгын дагы бир ирет текшерүү үчүн чет мамлекеттерден эксперттерди чакырууну суранышкан. Шектелген адам катары былтыр камакка алынган Таалай Момунов буга чейин үч ирет соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, бирок бир ыктай тыянак чыгарылган эмес. Таалайдын туугандары ага айып кыйноо жолу менен коюлганын белгилешүүдө. Ал эми Ашыркуловдун адвокатынын айтымында, кол салгандыгын буга чейинки сурактарда Момунов мойнуна алган.

Ашыркуловго кол салуу 2002-жылдын 6-сентябрында жасалган.

XS
SM
MD
LG