Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

ИРАНДА АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ НАЧАР


Сапар Орозбаков, Прага Human Rights Watch эл аралык уюму акыркы 4 жылда Иранда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин билдирет. Ал бүгүн өзүнүн жарыялаган докладында өлкөдө реформа жүргүзүүнү талап кылып, өз көз-караштарын ачык айткан адамдарга Ирандын бийликтери кысымды күчөткөнүн маалымдайт.

Жакында Ирандын соту кыйноолорго тыюу салган мыйзам кабыл алган болчу. Бирок Human Rights Watch эл аралык уюмунун билдиришинче, ал иш жүзүндө аткарылбай жатат. Бүгүн жарыялаган докладында уюм өлкөдө бийликке сын айткан жана аларды реформа жүргүзүүгө чакырган адамдарды сотсуз эле камап салуу, аларды түрмөдө жалгыздан кармоо, уруп-сабоо жана психикалык кысым көрсөтүү кеңири орун алгандыгын белгилейт.

- Биз өзүбүздүн докладда соттордун кысымы жөнүндө эле жазбастан, ал практикада чын эле болуп жаткандыгын далилдедик. Бул өз көз карашын ачык билдирген адамдарга карата өйдөтөн берилген заказдын негизинде жүргүзүлүп жаткан өнөктүк болуп эсептелет. Биз башка пикир айткан адамдарга жана реформалык кыймылга кысым көрсөтүү үчүн динге негизделген мамлекет жана революциянын жетекчилери чынында эле күнөөлүү деп эсептейбиз, – дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Жан Пол Мартоз.

Уюм камалгандар тар абактарда бирден кармаларын белгилейт. Абактын аянты адатта 2 чарчы метр болуп, күнү-түнү жарык күйгүзүлүп коюлат. “Түрмөдө болуп чыккандар жалгыздан кармоо, уруп-сабоого жана психологиялык кысым көрсөтүүгө караганда алдаганча оор экендигин билдиришти” деп жазат аталган уюм.

Human Rights Watch акыркы 2 жылда бийликтин саясатына элдин нааразычылыгы күчөп, көчөгө чыгуулар көбөйгөндүгүн белгилейт. Бирок гезиттерге жана интернет беттерине бул тууралуу жазууга тыюу салынган.

Аталган уюм Ирандагы абалды Бириккен улуттар уюмунун өкүлү барып көрүшү зарыл деп эсептейт. Ал Европа биримдигинин Ирандын жетекчилери менен абалды оңдоо тууралуу сүйлөшүүлөрү эч кандай жыйынтык бербегендигин белгилейт:

- Биз саясий туткундарды бошотуу, реформага чакырган массалык маалымат каражаттарын кайра ачуу, кыйноолор жана башка маселелерди Европа биримдиги ачык коюшу зарыл деп ойлойбуз. Эгерде Ирандын өкмөтү аны аткарбаса, аны менен сүйлөшүүлөр токтолушу керек. Андай кылбаса, мындай мамиле иш жакшы жүрүп жатат деп элди алдоо жана консерваторлорду колдоо болуп калат.

Human Rights Watch уюму жакынкы мезгил ичинде Ирандын келечеги бүдөмүк экендиги билдирет. Анткени өлкөдөгү болуп жаткан саясий куугунтуктоолордон улам, Ирандын реформаторлору парламенттик шайлоого катышпасын айтып жатышат. Мартоз Ирандагы адам укуктары боюнча абалды оңдоо өтө кыйын экендигин айтат:

- Өкмөттүн, сот бийлигинин жана коопсуздук органдарынын элди катуу тартипте кармоого аракеттери аябагандай чоң болуп, көзгө көрүнөрлүк бирдеме кылуу өтө кыйын. Бирок биз Иранда демократияны жана адам укуктарын урматтаган реформаларга умтулган толкун бар бар экендигин билебиз жана алардын жеңип чыгарына ишенебиз. Ошондуктан биз ал адамдарга тыштан жардам берүү зарыл деп ойлойбуз.

XS
SM
MD
LG