Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

ЧОЛПОНАТАДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ


Кыяс Молдокасымов, Чолпоната Ысыккөл жээгиндеги «Аврора» эс алуу жайында "Евразия ХХI кылымда: маданияттардын диалогубу же цивилизациялардын карама-каршылыгыбы?" аттуу эл аралык форум өз ишин баштады. Жыйында чыгып сүйлөгөн ар кайсы мамлекеттин ырасмий бийлик өкүлдөрү Евразия чөлкөмүн канткенде карама-каршылыктардан арылтуу керек деген суроого жооп издешип, өз пикирлерин ортого салышты.

ЮНЕСКОнун колдоосу менен өтүп жаткан бул жыйынга Евразия чөлкөмүндө жайгашкан өлкөлөрдүн жетекчилери, дүйнөгө ысымы белгилүү окумуштуулар, маданият ишмерлери чакырылган. Алардын арасында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов гана келип, калган өлкөлөрдүн мамлекет башчылары келбегендиги жыйындын алдында белгилүү болду. Эл аралык форумду ачкан белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов алгачкы сөздү Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге берди. Өз сөзүндө мамлекет башчысы дүйнөдө карама-каршылыктуу окуялар көп кайталанат деген америкалык окумуштуу С.Хантингтондун «Цивилизациялардын кагылышуусубу?» деген эмгегине токтолуп, анын көз-карашына каршы турган цивилизациянын диалогу тууралуу ой толгоосун ортого салды. Президент өз сөзүндө мына ошондой карама-каршылыктын бири катары эсептелген жакырчылыктан арылуунун жолун Кыргызстан тапканын белгилеп, өлкөдө абал оң жагына өзгөрө баштаганын баса белгиледи. Ошого карабай Кыргызстан кыйынчылыктын сазынан чыга электигин мойнуна алды.

Аскар Акаев ошондой эле, соңку мезгилде жаңы коркунуч пайда боло баштаганын, ал көпчүлүк өлкөлөргө таңуулана баштаган "жибек төңкөрүшү" экенин эскертип, бул - большевиктер төңкөрүштү экспорттойбуз дегендей эле кеп экенин айтты:

- Демократияны өнүктүрүү дегенге жамынып алып большевиктик революцияны экспорттоо жүрбөйбү?

Аскар Акаевден кийин сөз алган ЮНЕСКОнун башкы директору Коитсура Матсуура өзү жетектеген уюмдун дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүндө өөрчүп бараткан карама-каршылыктарды ооздуктоо багытында кандай иштер аткарылып жатканына кеңири токтолду. Ал Борбор Азия өлкөлөрү өткөөл мезгилден тынч, аман өтүшү үчүн ар кандай сепаратисттик аракеттерден, карама-каршылыктардан оолак болуп, биригүү жараяны күчөсө жакшы болот эле деген сунушун ортого салды.

Ал эми чыр-чатактарды башынан кечирген кошуна Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов глобалдашуу жараянынын терс жактарынан улуттук маданиятты сактоо зарыл экенин билдирди. Анын пикиринде, жалпы цивилизацияга жетиш үчүн Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттер бири-бирине өз ара түшүнүүчүлүк, урмат менен мамиле жасашы зарыл.

Андан соң Иран Ислам Республикасынын вице-президенти Махамад Али Абтахи диалог болбогон жерде карама-каршылыктар, терроризм, сепаратизм өкүм сүрөт деди. Абтахи өз сөзүндө исламга жамынып алып терроризм жасап жаткандарга, тынчтыкты пир туткан исламды зордук-зомбулукту жайылткан динге айлантып жаткандарга өзгөчө нааразы экенин айтты.

Эл аралык форумда сөз сүйлөгөн Азербайжандын вице-премьер-министри Элчин Эфендиев 20 жылдан бери өлкө бүтүмдүгүнө коркунуч туудуруп, баскынчылык саясатты көздөгөн Армениянын аракетинен улам Карабах жергесинде тарыхый мурастар бүлгүнгө учурап, үйлөр кыйрап, экологиялык коркунуч тооруп, эл качкын аталып, ар кайсы жерде баш калкалап келгенин айтып, мына ушундай жерде диалогдун зарылдыгын баса көргөздү.

Ал эми Орусия Федерациясынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Елеонора Митрофанова орус өкмөтүнүн терроризмге каршы аракетине токтолуп, 90-жылда башталган саясий-экономикалык башаламандыктын башкы себептеринин бири - глобализация жараянынын таңууланышы деп түшүндүрдү. Ошондой эле ал Иракка батыш демократиясын күчтөп киргизүү аракетинин арты кандай коогалаңды жаратып жаткандыгын белгиледи.

ЕККУнун жетекчисинин Борбор Азия боюнча жеке өкүлү Марти Ахтисаари Евразия чөлкөмүндөгү карама каршылыктарды ооздуктоо, алдын алуу максатында ЕККУнун жасап жаткан иштерге токтолду. Ахтисаари өз сөзүндө көп өлкөлөрдө жакшы башталган аракеттерди, жакшы көрүнүштөрдү коррупция жалмап кетип жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле Ахтисаари мырза ЕККУ ар дайым кошуналардын жакшы мамиледе болушун колдоорун, бирок соңку кездерде чек аралар жабылып, виза алуу тартиби киргизилип, кошуналар бири-бирине эркин каттай албай жатканын белгилеп, мындай көрүнүш Борбордук Азия чөлкөмүндө гана эмес, башка аймактарда да кездешээрин айтты.

Ооганстандын маданият, билим берүү жана маалымат министри Рахим Саид Махмуд өлкө президенти Карзайдын сөзүн мисалга келтирип, Ооганстан цивилизациялардын кызматташтыгы боюнча зор үлгү болуп бере алаарын белгилеп өттү.

Мындан сырткары эл аралык форумдун пленардык жыйынында Түркмөнстандын Межилис төрагасы, Казакстандын, Түркиянын, Пакистандын бийлик өкүлдөрү өз ойлорун ортого салышты.

Жыйын 10-июнда түштөн кийин жана 11-июнда түшкө чейин секциялар боюнча өз ишин улантат. Анын соңунда атайын иштелип чыккан концепция кабыл алынаары белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG