Бул тууралуу бүгүн Ооганстандагы таасирлүү кол башчылардын бири, генерал Мохаммед Дауд Хан билдирди. Анын айтымында, кытайлык жумушчулардын өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген шек менен Кундуз провинциясынан кармалгандар - талибдер жана "Хезб- и- Ислами" деген топтун согушкерлери. Кытайлык 11 жумушчуну апта башында Кундуз шаарынын жанын атып кетишкен эле. Кытайдын Кабулдагы элчилигинин маалыматына караганда, окуянын чоо- жайын иликтөө үчүн Пекинден эксперттердин тобу келди.