Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

"Адилет шайлоо" биримдигинин жер-жерлерде бөлүмдөрү ачылууда


БИШКЕК. Нарын обласынын Кочкор районунда «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин аймактык бөлүмү уюштурулду. Бул тууралуу бирикменин мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров бүгүн кабарлады. Ал эми бирикмени негиздөөчүлөрдүн бири, депутат Өмүрбек Текебаевдин маалыматына караганда, буга чейин бирикменин аймактык бөлүмдөру Жалалабад, Ош областтарында ачылып, шайлоо кодекси, шайлоо системасы тууралуу жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси 19-майда түзүлгөн. Анын төрагасы болуп, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов, ал эми эки орун басарлыгына Адахан Мадумаров, Марат Султанов шайланышкан.

XS
SM
MD
LG