Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Өлүм жазасына каршы маанай дүйнөдө күч алууда


Рим калаасында жайгашкан өлүм жазасына каршы күрөшкөн эл аралык уюмдун билдиришинче, бүткүл дүйнө боюнча бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келаткан өнөктүк жемишин бере баштады жана мамлекеттин көрсөтмөсү менен киши өлтүрүүгө каршы маанай улам кеңири жайылып баратат.

"Хэнд Офф Кейн" уюмунун жылдык отчетунда жогорку жаза бүгүнкү күндө негизинен диктаторлордун куралы экендиги айтылат. Уюмдун аткаруучу директору Элизабет Зампарутти "бул жазаны жоюу демократияны жакшыртуунун бир жолу" деп эсептейт:

- Өлүм жазасына тартуу бул негизинен диктатуралык жана бей-либерал өлкөлөрдүн көйгөйү. Анткени бүткүл дүйнөдөгү өлүм жазасынын кеминде 98 пайызы дал ушул өлкөлөрдө ишке ашырылат.

Кошмо Штаттарында жогорку жаза берилген учурлар, өлүм кезегинде турган адамдардын саны жана өлүм жазасына тартылгандардын катары азайган. АКШда былтыр 65 киши ушул жаза менен өмүрүнөн ажырады. Отчетко ылайык былтыр барынан көп киши Кытайда – 5 миң адам өлүм жазасына тартылды. Бул дүйнөлүк көрсөткүчтүн 89 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG