Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Орусия өзүнүн Түндүк Кавказдагы аскерлеринин санын көбөйтүүгө киришти


Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, Түндүк Кавказ аймагында жайгашкан орус аскерлеринин саны көбөйтүлөт:

- Түндүк Кавказдагы абалды стабилдүү кармаш үчүн биз кошумча аскерий аракет көрүүгө тийишпиз. Ошондуктан Назран шаарынын алдына мен Ички иштер министрлигинин дагы бир полкун алып келүүнү чечтим. Силер аны билесиңер. Андан тышкары Коргонуу министрлиги дагы күчтөндүрүлөт.

Өткөн дүйшөмбү күнү эки жүзгө жакын белгисиз куралчан Чеченстан менен коңшулаш Ингушетия жумуриятына кол салып, андан 98 адам набыт кеткен. Президент Путин күч колдонуучу министрликтерге кайрылып, алардын баарын таап-жазалоого буйрук берген. Кагылышууга тийешеси бар деп шектелген онго жакын адам кармалды.

XS
SM
MD
LG