Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР ИРАКТАГЫ ТУТКУНДАРДЫН ТАГДЫРЫНА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Чолпон Орозобекова, Прага Ирактын Ияд Алави башында турган өткөөл өкмөтүнө бир аптадан кийин өлкөнүн суверенитети берилет. Бул суверендик менен кошо Саддам Хусейнден калган ирактык 6000 туткун да Ияд Алави башында турган өкмөткө өткөрүлүп берилет. “Кызыл чырым” коому жана бир катар эл аралык уюмдар коалициялык күчтөр Ирак суверенитетке ээ болгондон кийин эл аралык мыйзамдарга ылайык туткундар бошотулушу керек же аларга ырасмий айып тагылганы оң деп ырасташууда. Бирок Америка Кошмо Штаттары мындай таклип менен макул эмес.

Эки апта мурда Жорж Буш Ирактын өткөөл өкмөтүнө мамлекеттик суверенитет ыйгарымы 30-июнда өткөрүлөөрүн айтып жатып, Ирак президенти Гази ал Йаварга ыраазычылык билдирген:

- Сиздин кайратыңызга жана өлкөнү башкарып атканыңызга ыраазымын. Мен: Америка сизге жардам берет деп айткым келип жатат. Ошондой эле, Иракка суверендикти берилет деп АКШ айтып жатканда өлкөнүн толук эгемендиги жөнүндө сөз болуп атканын ага айткым келет.

Ирактын премьер-министри Ияд Алави учурда америкалыктар кармап турган туткундардын, анын ичинде Саддам Хусейндин тагдырын чечүү өкмөттүн мойнуна жүктөлөрүн түшүнүп турат. Өткөн жума ичинде Ияд Алави бул маселе боюнча мындай деген эле:

- Азыркы абактагылар албетте, бири калбай Ирак бийлигине өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Бул иш- чара кийинки эки жума ичинде ишке ашат деп ойлойм. Саддам Хусейн жана башка туткундар Ирактын элинин жана өкмөтүнүн колуна өткөрүлүп берилет.

Бирок Ирактын коопсуздук кызматы мынча туткунду кармаганга азырынча даяр эмес болгондуктан, Америка башында турган коалициялык күчтөр абактагыларды кайтарганга жардам бермекчи. Эскерте кетели, Саддамдын бийлиги кулаганына жана Иракта коалициялык күчтөрдүн бийлиги орногонуна 14 айдан ашты.

“Кызыл чырым” өңдүү адам укугу боюнча эл аралык уюмдар туткундардын тагдырына тынчсызданышууда. Эл аралык мыйзамдарга ылайык Иракта эгемендик орноп, аскерий оккупация аяктагандан кийин туткундардын макамы өзгөрүшү керек. Укук коргоо уюмдары ырастаганга караганда, америкалыктар кармап турган туткундар мыйзам чегинде айып тагылбастан, темир тордо максатсыз кармалып келет. “Ирактын өткөөл өкмөтүнө бийлик тийгенден кийин алар дароо бошотулушу керек”, дешет укук коргоочулар.

Ал эми коалициялык күчтөр мындай таклип менен макул эмес. БУУнун Ирак боюнча резолюциясы өлкөдө эл аралык куралдуу күчтөрдүн узак мөөнөткө калышына уруксат бергенден кийин туткундар камакта калышына мүмкүндүк берет. Америкалык тараптын жүйөсү ушундай.

“Хюман Райтс Уоч” аттуу адам укугу боюнча эл аралык уюмдун өкүлү Жеймс Росс муну БУУнун резолюциясын бурмалап түшүнүү катары баалайт. Анын айтымында, өлкөнү басып алып аткан куралдуу күчтөр гана элдин коопсуздугу үчүн коркунучтуу делген туткундарды айып тагуусуз “темир тор” артында кармаганга укуктуу.

Эл аралык эксперт 30-июндан кийин коалицииялык күчтөр жана эгемендүү Ирак күнөөсүз туткундарды кармаганга тыюу салган Женева конвенциясын аткарууга милдеттүү деп санайт:

- Ирак резолюциясында коалициялык күчтөр Ирактагы коопсуздукту камсыз кылууну улантат жана оккупация аяктайт деп жазылган. АКШ 30-июнда аяктарын ырастап атса, анда алардын туткундарды абакта кармаганга эч кандай укугу жок, - дейт Жеймс Росс.

Анын пикиринде, согуш убагында туткундалгандардын баары бошотулуп, арасындагы аскерий айып тагылгандары гана абакта калышы ыктымал. Жеймс Росс Иракта 30-июндан кийин да кан төгүү улантыла берерин моюнга алат. Бирок аны Росстун оюнда, атуулдук согуш деп атоо керек.

Ал эл аралык нормага ылайык айып тагылбаган туткундар атуулдук согуш болгон күндө да боштондукка чыгарыларын эскертет.

Жеймс Росс Иракты Ооганстан менен салыштырат. Анын оюнча, Ооганстанда Ирактагыдай канга боёлгон узак алаамат болгон жок. Бирок Ооганстанда да туткундардын укугу тебеленип жатат. Эксперттин оюнча, Ооганстанда мамлекеттик бийлик өкүм сүрүп турса да, туткундар жөнүндө эл аралык мыйзамдар бузулууда.

Бирок эл аралык байкоочулардын баамында, Американын колунда туткундарды кармап турганга бир шарт бар. Ирактын кайсы бир шаарларында чукул кырдаал жарыялоо менен андагы туткундарды айып такпастан камакта кармоого эл аралык норма уруксат берет.

Жеймс Росс бул норма кандай болгон күндө да коалициялык күчтөргө чукул кырдаал аркылуу Ирактагы туткундардын баарын тузактап алганга жол бербесин эскертет. Анын пикиринде, маал-маалы менен туткундардын үстүнөн сот жараяндары болуп турушу керек деген укуктук нормадан АКШ баштаган эл аралык куралдуу күчтөр качып кутула албайт.

XS
SM
MD
LG