Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Райондук соттун чечими четке кагылды


ТАЛАС. Бакайата райондук сотунун судьясы Төлөмүш Асылов 2003-жылы 8-декабрында Боотерек айыл өкмөтүнүн тургуну Токтогул Нарботоевге Кошой жер участкасындагы 4 гектар 67 сотых айдоо жерди анын үлүшүнө ыйгарган чечим чыгарган. Жерин тарттырып жиберген айылдагы карыялар сотунун төрагасы Самүдүн Сыдыгалиев апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылган. Облустук соттун коллегиясы ишти карап, 4,67 гектар жерди анын 1995-жылдан берки мыйзамдуу ээсине кайтарып берди. Бул боюнча кабыл алынган чечим 29-июнь күнү күчүнө кирди.

XS
SM
MD
LG