Өкмөттүн бүгүнкү кеңешмесинде ушундай чечим кабыл алынды. Ооган жеринде азыр бейпилдик күчтөрүнүн составында испандардын 137 аскери бар. Алардын саны эми бир миңге жеткирилет. Ооганстандын өзүндө болсо Урузган провинциясында уруштар болуп өттү. Америкалык аскерлер куралдуу отрядга туш келип, айыгышкан атышуулар маалында талиптерден беш киши өлүп, жетөө колго түштү. Америкалык контингентке ооган аскерлери кол кабыш кылышты. Өлкөдө быйыл күздө өткөрүлгөнү жаткан жалпы элдик шайлоону эмдиги жылга калтырууга туура келиши мүмкүн экенин кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү эскертишти. Бийликте буга жеткидей акча жок, анын үстүнө коопсуздук жагдайы кескин начарлады.