Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ ХХ СЕССИЯСЫН АЯКТАДЫ


8-июлда Эл өкүлдөр жыйыны ХХ сессиясын аяктады. Депутаттар бул ирет 90дон ашуун маселелерди карашты. Анын ичинде өкмөттүн 2003-жылдагы ишмердүүлүгү, өлкөдөгү конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жана башкалар бар. Депутаттар акыркы эки күндө Улуттук банктын өткөн жылдагы ишмердигин карап, башкы банкир Улан Сарбановдун ишинде көп кемчилик бар дешип, бул маселеге күзүндөгү сессияда кайра кайрылып келишмей болду.

7-июлда депутаттар жашыруун добуш менен Улуттук банктын 2003-жылдагы ишине бюллетень таштоо менен жашыруун добуш беришкен болчу. 8-июлда эртең менен анын жыйынтыгы белгилүү болду. 17 депутат жактырылсын десе, 17 депутат жактырылбасын деп добуш беришкен экен. Бирок палатанын токтомун кабыл алаарга келгенде көшөгө артындагы оюндар алдыга чыкты. Анткени депутаттардын пикири үчкө бөлүндү. Муратбек Мукашев, Тойгон Калматов баштаган депутаттар "Улуттук банктын 2003-жылга отчёту эске алынсын" деген сунушту добушка коюуну айтышты. Болот Байкожоев, Исхах Масалиев баштаган бир катар эл өкүлдөрү Улуттук банк начар иштегендиктен, анын отчётту бекитилбесин деген сунушту айтышты. Ал эми Жеңишбек Эшенкулов, Самаган Маматов жана башкалар бул маселени күзүндө карайлы, ага чейин отчётун кайра жакшылап даярдап келсин деген сунуш киргизишти. Ушул акыркы сунушту депутаттар 23 добуш менен кабыл алып, Улуттук банктын отчёту күзгү сессияда кайра каралмак болду.

- 2004-жылдын 14-июнундагы жыйында мамлекет башчысы Аскар Акаев Улуттук банкты фактыларды жаап-жашырып, бурмалап, жымсалдап жатканы үчүн катуу эскерткен. Бирок Улуттук банк андан даректүү тыянак чыгарышына ишениш кыйын болуп калды. Эсептөө палатасынын текшерүү актысында 2004-жылдын 1-январына карата Улуттук банктын кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылууга берилген ссуданын калдыктары 49 миллион 500 миң сомду түзгөн, дейт депутат Жеңишбек Эшенкулов.

Акыркы эки күндө парламентте Улуттук банктын төрагасынын наамына ачуу сын-пикирлер айтылды. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Улан Сарбановду ал 3 млн. 200 миң сомго Улуттук банктын эсебинен Ортосай айылынан чоң үй сатып алып, мыйзам бузууларга барганын айтышты. Сарбанов болсо ал үй банктын балансында турганын, ал жакка мамлекеттик коопсуздуктан улам, өзүнө кол салуу болгондон кийин көчүп барганын айтууда.

Мындан тышкары, депутаттар Улан Сарбановду 539 миң сомду Бишкектеги окуу борборуна которуп, бюджетке зыян келтигени жана Европадагы өнүгүү жана реконструкциялоо банкынан алынган 9 миллион доллар кредит максатсыз пайдаланылып, анын кайтарылышы начар болуп жатканы үчүн катуу сынга алышты.

Улуттук банк 2003-жылда эң негизги милдети – инфляцияны ооздуктай алган эмес. Натыйжада ал 5,6% түзүп, мурда болжолдонгон көрсөткүчтөн ашып түшкөн. Натыйжада жашоо-турмуш кымбаттап, нан азыктарына баа 16,6%ке, күйүүчү майларга баа 28,1%га өскөн.

7-июлда маалымат жыйынын өткөргөн Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоцациясынын президенти Олег Забара күйүүчү майларга баа жакын арада дагы бир сомго кымбаттаарын айтты.

Депутаттар өлкөдөгү абалдын мындай оорлоп кеткенине Улуттук банктын жетекчисинин түздөн түз күнөөсү бар дешет.

- 2003-жылдагы Улуттук банктын башкы милдети – инфляцияны ооздуктоо ойдогудай аткарылган жок десем болот. Мурдагы жылы ал 2,6% болгон, 2003-жылы 5,6% өсүп кеткен. Ошондой эле, башка позициялар боюнча да Улуттук банктын иши илгерилеп жатат деп айта албайбыз. Ушундан улам анын кызматкерлерине эмгек акынын улам көбөйтүлүп жатканы – таңгалуу туудурат, - дейт Шамшыбек Медетбеков.

Жыйындан алынган маалымат боюнча, Сарбановдун айлыгы 2000 доллардын айланасында.

Сессиянын акыркы күнүндө депутаттар өлкөдөгү эпизоотиялык абалды талкуулоого аракет кылышты. Малдын шарп сыяктуу жугуштуу ылаңдарына каршы күрөштүн жагдайы азыр өлкөдө начар. Бирок бул маселеде да депутаттардын пикирлери экиге бөлүндү. Айрымдар «министр Александр Костюк ооруп калып, келбептир, ошондуктан күзүндө карайлы» дешти. Бирок Жуман Акулуев, Тойгон Калматов баштаган айрым эл өкүлдөрү «өлкөдө абал оор, мал шарптан өлүп жатат, маселени азыр кароо керек» дешти:

- 700-800 сом акча кетет шарпка кабылган бир уйду дарылаш үчүн. Бир уй бир үй-бүлөнү багып жатат. Ал ую өлсө бүтүндөй жашоо-турмушу токтоп калып жатат. Бүгүнкү жагдай мындай: ветеринардык кызматтын иштебегендигинин натыйжасында ар бир үй-бүлө ветеринардык врач болду. Мал өлүп атат. Бул эртеңкиге калтырылбай турган маселе, - деди депутат Жуман Акулуев. Анын айтымында акыркы 12 жылда Ветеринардык кызматтын башчысы 13 ирет алмашкан.

Бирок 23 добуш менен бул маселе күзүндөгү сессияга калтырылды. Эл өкүлдөрү аны премьер-министр Танаевдин, министр Костюктун катышуусу менен жакшылап талкуулайлы деген жыйынтыкка келишти.

Эл өкүлдөр жыйыны өзүнүн ХХ сессиясында дагы кандай маселелерди карады? Бул суроо менен Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевге кайрылдык:

- Күн тартибине кирген 90дон ашуун маселелердин баарын кароого жетиштик. Анын ичинен орчундууларын айтсам: кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө премьер-министр Николай Танаевдин отчётун угуп, аны талкууладык. Аягында аны бекитип бердик. Андан бөлөк чоң маселелердин бири - өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын докладын уктук жана тийешелүү токтом кабыл алдык. Өзгөчө кызуу талкууну Улуттук банктын өткөн жылдагы иши жаратты. Биз Улуттук банк кетирген кемчиликтерин жойсун, деп бул маселеге сентябрь айында кайрылып келүү жөнүндө чечим кабыл алдык. Ошондон эле, бир катар эларалык келишимдерди ратификацияладык. Айыл аттарын өзгөртүү жөнүндө тийешелүү чечимдерди жактырдык. Бул ирет депутаттар жемиштүү иштешти, - - деди Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев «Азаттык» радиосуна.

XS
SM
MD
LG