Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Грузия Батышка үмүт артууда


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Батыш мамлекеттерин Түштүк Осетияны Грузиянын курамына кайтаруу аракеттерин колдоого чакырды. Лондондо өткөн маалымат жыйынында Михаил Саакашвили Грузия көздөгөнүнөн оңой менен тайбайт деген кыязда сүйлөдү. Анын айтымында, бул жаңжалда орус бийлигинин таасири бар: 071 463-,4

- Мен Москвада агрессивдүү пландарды көздөп аткан адамдар бар экенине, ал пландар эчак ишке ашып атканына ишенем. Алар империялык дымактарынан кутула элек адамдар. Орусия менен кеңпейил ымалада болгубуз келет. Биздин башка коңшуларыбыз менен мамилебиз жакшы, андыктан түндүк ыптабыздагы коңшу менен да мамилебизди жакшыртыкыбыз келет, - деди Михаил Саакашвили.

Түштүк Осетия 1992- жылы Грузиядан көз карандысыздыгын жарыялап алган. Учурда бул чатакты чечүү боюнча атайын комиссия Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG