Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Кытай менен Кыргызстан атуулдарыдын укугун коргоого алат


БИШКЕК. Кыргызстан Кытайдын атуулдарына каршы жасалган кылмыш иштерин ачуу жана башка атуулдарынын коопсуздугун камсыз кылуу аракеттерин күчөтөт. Мындай милдеттенме Кыргызстан менен Кытайдын консулдук маселелер боюнча 10-12-июль күндөрү Чолпонатада өткөн биринчи кеңешмесининин протоколуна жазылды. Бул тууралуу бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандын консулдук башкы башкармасынын башчысы Руслан Казакбаев билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, кеңешменин күн тартибине сегиз маселе коюлуп, эки өлкө ортосунда мурда кабылданган макулдашуулардын аткарылышы талкууга алынды. Андан тышкары товар үчүн Кытайда барымтада жаткан жана кылмыш жообуна тартылган кыргыз атуулдарынын тагдыры тууралуу да сөз болду. Руслан Казакбаевдин айтымында, кыргыз атуулдары паспортун алдырган кезде тартип коргоо органдарына кайрыла алат. “Ал эми киши өлтүргөндүгү үчүн өлүм жазасын алган бир атуулдун жазасын өмүрүнүн акырына чейинки түрмө менен алмаштыруу, баңги сатканы үчүн өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө олтура турган дагы бир кыргыз атуулунун жазаны Кыргызстандын аймагында өтөөсү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт,” - деп билдирди Руслан Казакбаев.

XS
SM
MD
LG