Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Зоран жиндичтин өлүмүнө катышы бар деп шектелген кылмышкер Грецияда кармалды


САЛОНИКИ. Грециянын полициясы былтыр Сербиянын премьер- министри Зоран Жиндичти өлтүрүүгө катышкан деген шек менен бир кишини камакка алды. Салониканын полициясынын айтымында, Дежан Миленкович полициянын ири масштабдуу операциясында колго түшүрүлдү жана анын чемоданынан ири өлчөмдөгү накталай акча табылды. Серб бийликтери анын Сербияга өткөрүлүп берилишин күтөт. Зоран Жиндич былтыр март айында көзгө атаардын огунан курман болгон. Анын өлүмүнө байланышкан окуяга жашыруун аракеттенген 200дөй кишинин тийешеси бар экенин божомолдонот.


Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG