Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Р.Экеус Бишкекке келет


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылыктар боюнча башкы комиссары Рольф Экеустун расмий визити башталат. ЕККУнун Кыргызстандагы борборунун коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Марина Дмитриевадан бүгүн алынган маалыматка караганда, ал эки максат менен келет. Алар: Кыргызстанда жашаган аз сандагы улуттардын абалы менен проблемаларынан кабар алуу жана «Билим берүү аркылуу интеграция» аттуу программанын бет ачарына катышуу. Аталган программа президент Аскар Акаевдин демилгеси даярдалган жана анын максаты ар кандай улуттардын бирдей деңгээлде билим алуусун камсыз кылып, ынтымакка жетишүү. Рольф Экеус визит учурунда презденттен тышкары Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Билим берүү министри Мустафа Кидибаев жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министринин орун басары Бахтияр Фаттахов менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG