Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Франция Израилден түшүндүрмө талап кылууда


Париж. Франциянын бийлиги Израилдин премьер-министринен Ариэль Шарондун Францияда жашаган жөөттөрдү Израилге көчүп келүүгө чакырык жасагандыгы боюнча расмий түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Бул жөнүндө Франциянын президентинин администрациясы атайын билдирүү жасады. Ушул жекшемби күнү Шарон Иерусалимде америкалык жөөттөрдүн уюмдарынын лидерлери менен болгон жолугушуусунда Францияда жашаган жөөттөр бул өлкөдө антисемиттик көрүнүштөр күчөп баратканына байланыштуу тез арада Израилге көчүп келиши керек деп билдирген.

Франциянын саясатчылары менен жөөттөрдүн Европадагы уюмдарынын жетекчилери Израилдин премьер-министринин мындай билдирүүсүн жоопкерчиликсиз билдирүү катары баалашты. Учурда Францияда 600 миңге жакын жөөт жашайт. Ал эми бул өлкөдө жашаган мусулмандардын саны 5 миллиондон ашуун.

XS
SM
MD
LG