ТБИЛИСИ. Кечээтен баштап ар кошкон бейпилдик күчтөр грузин-осетин жаңжалы болгон аймакты туруктуу күзөтүүгө киришти. Ал жерде эми бейпилдик күчтөрүнөн башка куралчан адамдардын жүрүүсүнө тыйуу салынат. Бейпилдик күчтөрүнүн командачысы Святослав Набздоров калктын колунда куралдардын ири көлөмү топтолгонуна тынчсыздануусун билдирди.