Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Мургабдан келген кыргыздар башпаана издейт


БИШКЕК. Мындан 10 жыл мурда Тажикстандын Мургаб районунан Чүй бооруна жер оодарып келген миңге жакын кыргыз улутундагы адамдар социалдык жактан корголбой келүүдө. Алардын ичинде Панфилов районундагы Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Келечек кыштагында байырлап турган келгиндер алигиче Кыргызстандын паспортун ала элек. Антикризистик коомдук бирикмесинен Нышанов Назарбек бүгүн бул тууралуу “Азаттыкка” билдирип, Тажикстандан келген кыргыздар Кыргызстандын атуулдугун алуу максатында мамлекет башчысына эки жолу кат менен кайрылганын белгиледи. Бир нече ирет райондук акимчиликке да кайрылышкан, бирок алардан эч бир жооп болгон эмес.

Ал эми миграция боюнча депертаменттен билдиришкендей, Тажикстандан жер оодарып келген жана атуулдук согушта качып келген адамдардын проблемалары акырындан чечилүүдө. Панфилов районундагы качкындар маселесин аталган депертаменттин кызматкерлери жеринде териштире турган болду.

XS
SM
MD
LG