Кол салуу бүгүн түштүктөгү Гильменд провинциясында болду. Каза тапкандардын арасында райондук администрациясынын башчысы да бар. Расмий өкүлдөр мунун талибдерден көрүүдө. Түштүктөгү провинциялардын экинчи бири – Урузганда кечээ жергиликтүү шайлоо комиссиясына кол салынып, үч адам жаракат алган. Ооган бийликтеринин айтымында, талибдердин калдыктары октябрда өтүүчү президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында мындай кол салууларды акыркы кездери арбытууда.