Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Өзбек бийликтери Ташкендеги кечээги жардыруулардын мурдагылар менен байланышы бар деп эсептейт


Жанкечтилер кечээ кечке жуук АКШ менен Израилдин Ташкендеги элчиликтеринин жанында жана өлкөнүн Башкы прокуратурасынын имаратынын кире беришинде удаа жасаган жардыруудан, бүгүнкү маалыматтар боюнча, үч адам мерт болду. Ташкен милициясынын антитеррордук бөлүмүнүн башчысы Олег Байченовдун "Ассошейтед пресс" агенттигине билдиргенине караганда, кечээги жардыруулар - марттын аягы менен апрелдин башындагы жардырууларга тиешеси бар 15 адамдын үстүнөн учурда жүрүп жаткан сот үчүн өч алуу. Анда 50дөй адам каза тапкан эле.

Ал эми Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматовдун "Итар-Тасс" агенттигине билдиргенине караганда, бул иш боюнча бир нече адам кармалды, бирок ал кармалгандардын санын айткан жок.

Исламчыл маанайдагы интернет сайттарда Ташкендеги жардырууларга жоопкерлердин катарында бир нече топтун аттары айтылууда. Бирок анда аты айтылган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун Лондондогу өкүлү Хассан ал–Хассан мындай ырастоолорду четке какты:

- Айрым маалымат агенттиктери менен Интернет сайттар Ташкендеги жардырууну "Хизб ут-Тахрир" менен байланыштырууда. Бул толугу менен туура эмес.

АКШнын Ташкендеги элчилиги кечээги окуядан улам виза берүүнү токтотуп, Өзбекстандагы америкалыктарга сак болууну эскертти.

XS
SM
MD
LG