Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:51

Акаев Каримовго көңүл айтты


БИШКЕК. «Кыргызстандын журтчулугу 30-июлда Ташкенде болгон жардырууларга биртууган Өзбекстан эли менен бирге чын ниеттен кайгырып турат жана адам жасабай турган зомбулукту сынга алууда». Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго кечээ жолдогон көңүл айтуу телеграммасында ушундай айтылат. Ошондой эле телеграммада Акаев Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы эл аралык коомчулуктун аракеттерин ар тараптан чечкиндүү колдой тургандыгын белгилеп, жардырууда жабыр тарткандардын жана набыт болгондордун жакындарына көңүл айткан. Акыркы жолу террордук жардыруу Ташкенде бейшемби күнү үч жерде болгон. Анда 2 адам өлүп, 9 киши жарат алганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG