Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган жетектеген түркиялык өкүлчүлүк бүгүн эки күндүк сапар менен Грузияга келди. Алар президент Михаил Саакашвили жана премьер-министр Зураб Жвания менен жолугуп, экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулайт. Тбилиси шаарында өтө турган бизнес-конференцияга жүзгө жакын түркиялык ишкер катышат, андан тышкары алар Ажария жумуриятына барып, менчиктештириле турган мейманканаларды көрөт.