Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

КЫРГЫЗСТАНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН МААЛЫМАТЫНА ИШЕНБЕЙБИ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек “Азаттыктан” мурда кабарлангандай, 11-августа Кризистерди алдын алуу боюнча эл аралык топ президенттик, парламенттик шайлоо алдындагы Кыргызстандагы сасий кырдаал тууралуу кезектеги отчетун жарыялады. Анда эгерде Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катыша турган болсо, Кыргызстанда саясий баш аламандык болуп, эл толкуп кетиши ыктымалдыгы эскертилген. Эл аралык топтун мындай маалыматына оппозиция өкүлдөрү ынанышса, аткаруу бийлик өкүлдөрү ишенишпейт.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2005-жылдын 27-февралында ал эми президенттик шайлоо ушул эле жылдын 30-октябрында өткөрүлөт. Өлкө келечеги үчүн маанилүү мындай саясий окуянын алдында Кыргызстандагы сасий, экономикалык абал тууралуу кеңири маалымат дүйнө өлкөлөрүндөгү кризистик абалды алдын ала иликтеп коомчулукка маалымат берүүчү Кризистерди иликтөө боюнча эл аралык топтун кезектеги отчетунда жарыяланган. Эл аралык эксперттердин иликтөөсүнө караганда, Кыргызстандын баш мыйзамына ылайык Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышууга укугу жок. “Эгерде, кандайдыр бир жол менен Акаев президенттик шайлоого катыша тураган болсо, анда Кыргызстанда саясий баш аламандык болуп, эл толкуп кетиши ыктымал” деп жазылган аталган отчетто. Эл аралык эсперттердин мындай маалыматы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Маселен, айрым саясатчылар эксперттердин мындай маалыматы туура дешсе, бийлик өкүлдөрү мындай маалыматтар туура эмес деп четке кагышат.
“Атамекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев чындыгында эле соңку мезгилдери Аскар Акаев баш болгон аткаруу бийлиги келечекте бийликте калууга эки түрдүү жол менен аракеттенүүдө дейт:

- Биринчиси, президенттин өзүнүн кийинки шайлоого талапкердигин коюшуна даярдык көрүлүп жаткандыгы. Экинчиси, бийликти колдогон “Алга Кыргызстан” “Адилет” жана башка партиялар келээрки парламенттик шайлоодо көп добушка ээ болууга эмитен даярдык көрүп жатышы. Бул максатта өкмөтчүл партиялар мамлекеттин каражаты менен жер-жерлерде карапайым элге ар түрдүүчү жардам беришип, азыркы бийликтин калышына ар тараптуу аракеттенишүүдө, - дейт Өмүрбек Текебаев.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков соңку мезгилдери кыргыз эли аткаруу бийлине ишенбей калгандыгын айтып, Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышса, эл толкуп кетиши ыктымал деген пикирде:

- Эл аралык эксперттер туура айтышат. Соңку мезгилдери коңшу өлкөлөрдүн экономикасы өнүгүп жатат ал эми Кыргызстандын экономикасы тескерисинче күндөн күнгө начардоодо. Мындай шартта азыркы бийликтин убадасына чарчаган эл толкуп кетиши мүмкүн. Аксы окуясында деле эл тынч жатып, керектүү мезгилде көчөгө чыгышты. Ошондой эле келээрки шайлоолордо мыйзам бузуулар болсо нааразылык чыгып кетиши толук ыктымал, - дейт Ишенбай Кадырбеков.

Айрым саясатчылардын жогорудагыдай пикирине президенттин маалымат катчысы жана «Алга-Кыргызстан» партиясыны өкүлдөрү макул эмес. Маселен, «Алга-Кыргызстан партиясынын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиев соңку мезгилдери аталган партия эл арасында бир катар иш чараларды жүрүгүзүп жаткандыгы тууралуу мындайча өз оюн ортого салды:

- Биздин партия «Дени сак калк», «Күчтүү Кыргызстан», «Бай калк» деген программалардын алкагында эл менен иш алып барууда. Бул долбоорлорго «мамлекеттин акчасы жумшалууда» деген маалымат туура эмес. Долбоорлор партиянын жана партия өкүлдөрүнүн берген каражатына ишке ашырылууда.

Ал эми Эл аралык кризисттик топтун отчету тууралуу президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев мындай деди:

- Мен андай маалыматка ишенбейм жана ага эч кандай баа бербейм. Анткени соңку мезгилдери Кыргызстандын ичиндеги абалды толук билбей туруп эле оозуна келген нерсени оттогон уюмдар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG