Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

ГРЕЦИЯНЫН ЭКИ “ЖӨӨ КҮЛҮГҮ” ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНАН ЧЕТТЕТИЛИШТИ


Төрөкул Дооров, Прага Афинада өтүп жаткан олимпиада оюндары тарыхта түрдүү окуяларга жыштыгы жана рекорддорго байлыгы менен эсте кала тургандай. Мелдештин алгачкы 3 күнүндө эле 16 рекорд жаратылып, иш-чарага жумшалып жаткан каражаттын көлөмү да буга чейинкилерин алда канча артта калтырды. Азырынча Грециянын олимпиада оюндарын өткөрүүгө канча акча жумшаганы тууралуу так маалымат жок, бирок эксперттердин эсеби боюнча бул сумма 6 млрд.доллардан кем болбойт. Анын үстүнө, бул жолу наркотикалык текшерүү чаралары өтө кылдат жана катуу өткөрүлүүдө. Дал ушул жагдай оюндун биринчи эле күндөрүндө Грециянын мыкты “күлүктөрүн” катардан чыгарып салды.

Грециянын Афины шаарында 13-августта башталган Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде анын отун Грециянын мыкты жөө күлүгү, төрт жыл мурда Сиднейде өткөн оюндарда 100 метрге чуркоодо жеңип чыккан Костас Кендерис көтөрүшү керек эле. Бирок иш-чаранын ачылышына бир канча саат калганда Кендерис Грециянын көзгө басар дагы бир жеңил атлети, ошол эле Сидней оюндарында 100метрге чуркоодо күмүш медалды уткан спортчу-кыз Катерина Таноу менен жолдо кырсыкка учурашканы тууралуу маалым болот. Ошол эле жерден ооруканага жеткирилген спортсмендер эч кандай деле олуттуу жаракат алышпаганы тууралуу да кабар айтылды. Бирок, ошентсе да, алар акыркы беш күн бою ооруканадан чыгышкан эмес.

Эларалык олимпиада комитетинин кыжырын келтирген себеп – бул эки спортчу ушул күндөрдө өткөн наркотикалык текшерүүгө келишкен эмес. Мунун өзү Костас Кендерис менен Катерина Таноу “алардын күчүн көбөйтүүчү наркотикти колдонгон болушу мүмкүн” деген шектин жаралышына түрткү болду.

18-август күнү эларалык олимпиада комитети спортсмендерден эмне үчүн допинг-көзөмөлүнө келишпегендиги тууралуу жообун укту. Анын жыйынтыгында Грециянын эки күлүгү тең Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартышкандыгын маалымдашты.

- Мен жоопкерчиликти өзүмө алуу менен Олимпиада оюндарына катышуу укугумдан баш тартам. Ошондой эле, өзүмдүн машыктыруучум Христос Цекос менен кызматташууну токтотоорумду айткым келет, - деди грециялык жеңил атлетчи Костас Кендерис.

Ошол эле учурда спортсмен эч кандай кубат берүүчү дарыларды кабыл албагандыгын билдирип, акыркы төрт жыл аралыгында ал 30 жолу допинг-текшерүүлөрдү баштан кечиргендигин, бирок бир жолу да алардын жыйынтыгы анын аброюуна көлөкө түшүрбөгөндүгүн айтты.

Өткөн бейшембиде допинг-текшерүүгө келишпегенине байланыштуу чуу чыгарышкан Грециянын спорттук чиновниктерине да нааразы экендигин билдирди Кендерис.

Ал эми анын кесиптеши Катерина Таноу да ушундай эле чечим кабыл алгандыгын билдирди. “Мен Олимпиада оюндарына катышпай тургандыгым үчүн Греция элинен кечирим сурайм”, - деди ал.

Жеңил атлетика боюнча Федерациялардын эларалык Ассоциациясынын баш-катчысы Истван Гулай билдиргендей, спортсмендерди оюнга катыштырып койгондо деле, алар акыркы күндөрү баштан кечирген психологиялык жүк оюнга терс таасирин бермек.

- Кантсе да, менимче, бул жерде спортсмендерге тагыла турган күнөө болуш керек. Эгерде техникалык өзгөчөлүктөрдү көңүлө албай, аларды оюнга катыштырганда деле, алар бир жума мурдараак көрсөтө ала турган ийгиликке жетишмек эмес, - деп ойлойт жеңил атлетика боюнча Федерациялардын эларалык Ассоциациясынын баш-катчысы Истван Гулай.

Эларалык Олимпиада комитети спортсмендердин чечими кандай болооруна карабастан, баары бир жагдайды терең түшүнүү үчүн иликтөө иштерин жүргүзө тургандыгы маалым болду.
XS
SM
MD
LG