Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Россиянын президенти Владимир Путин Грузия менен Түштүк Осетиянын жетекчилерине кайрылып, эки ортодогу проблемаларды тынчтык жолу менен чечүүгө үндөдү


Армениянын мамлекет башчысы Роберт Кочарян менен Сочиде болгон жолугушуусунан кийин Путин кабрчыларга билдиргендей:

- Бул жерде бир эле жол бар: сүйлөшүүлөр үстөлүнө отуруп, макулдашууга жетишүү зарыл. Жана ошол макулдашууларды аткаруу үчүн саясий эрк керек.

Кечээ Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өзүн Тбилисиден күнкөрсуз деп жарыялаган жумурияттагы аскерлерди чыгарып кетүүгө буйрук берген эле. Андан мурун грузин бөлүктөрү Түштүк Осетиянын баш ордосу Цхинвалинин түндүгүндөгү стратегиялык позицияларды ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG