Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Жалалабад облусунда кетип жаткан орус тилдүүлөр дагы эле аз эмес


ЖАЛАЛАБАД. 2002-жылдан бери облустун аймагынан эки жарым миңден ашык орус тилдүү жарандар Орусия менен КМШ өлкөлөрүнө кетүүгө аргасыз болушту. Аргасыз миграция мындан ары да улантылышы ыктымал. Ушундай пикирди билдирген облустагы славян диаспорасынын болжолунда жер которууга Кыргызстандагы айлык акынын, пенсиянын, жөлөк пулдун аздыгы, социалдык коргоонун начардыгы менен жумушсуздук, маданий өнүгүүгө чөйрөнүн тардыгы жана келечектин белгисиздиги түрткү берүүдө. Бийлик, ички иштер, укук коргоо, коопсуздук кызматтарына башка улуттардын аз тартылышы да кошумча себептердин бири. Ал эми Орусияга ооп кетүүнүн себептери ал өлкөдөгү экономикалык туруктуу өнүгүү менен түшүндүрүлөт. Облуста 1990-жылдарга чейинки 30 миңге жакын орустун азыр 10 миң чамалашы калды.

XS
SM
MD
LG