Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

А.Акаев күзүндө АКШга барат


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев ушул жылдын 20-сентябрында АКШга иш сапар менен барат. Мындай кабарды бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси Бактыбек Абдрисаев билдирди. Анын маалыматы боюнча, Аскар Акаев АКШга БУУнун жыйынында сөз сүйлөө үчүн барат жана ал өз сөзүндө Кыргызстандын Улуу Жибек жолу доктринасы саясатынын натыйжалары, демократиялык коопсуздук жана акыйкат башкаруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берет. Андан тышкары Акаев Юта жана Массачусетс штаттарында болот. Ал эми «Арнамыс» партиясынын АКШда жүргөн мүчөлөрү өткөн айда Нью-Джерси штатынын Манвиле шаарында жолугушуп, анда Аскар Акаевдин АКШдагы сапары учурунда Феликс Куловду талабын билдирген пикет өткөрүү чечимин кабылдашкан. Мындай маалыматты партиянын өкүлдөрү Интернеттеги баракчасы аркылуу тараткан.

XS
SM
MD
LG