Пакистанда Өзбекстандын төрт атуулу терроризмге катышы бар деген шек менен кармалды. Пакистандын ички иштер министри Фейсал Салехтин маалыматтарына караганда, Өзбекстандын атуулдары Пакистан менен Ооганстандын чекарасында жайгашкан Вазиристан провинциясында жүргүзүлгөн аскердик операциянын натыйжасында кармалды.