Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Памир-Алай тоолорундагы Ленин чокусун багындырууга бараткан орусиялык альпинист каза болду


ОШ. Чоңалай районунун аймагында жайгашкан 7 миң метрден ашуун бийиктиктеги Ленин чокусуна чыгып бара жатышкан орусиялык альпинисттердин бирөө Михаил Журавлев каза болду. Ош облустук атуулдук коргонуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Пайзулла Кенжебаевдин билдиргенине караганда өзүнүн шериктеринин алдында бара жаткан Журавлев болжол менен чокунун 6 миңинчи бийиктигине жетип калганда буту кокустуктан тайып кетип, асканын жаракасына түшүп кеткен. Буга чейинки анын сөөгүн издөөгө болгон аракеттер эч кандай жыйынтык берген жок. Курамы 5 адамдан турган орусиялык альпинистердин калган тобу кечээ издөө иштерин токтотушуп, Бишкек шаарындагы туристтик базага кайтып кетишти.

XS
SM
MD
LG