Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Бүгүн Орусияда шейшембидеги авиакырсыктын курмандыктарына аза күтүү күнү


Ал күнү кыйраган эки учакта 89 киши каза тапкан. Москвадагы "Домодедово" аба майданынан учуп чыккан эки учак ортосунда төрт мүнөттүк айырма менен Ростов жана Тула облустарына кулаган. Кечээ Орусиянын бийликтери эки учактын кыйрандыларынын баары чогултулганын, алардагы үндөрдү жаздырып алуучу кара кутучалар Москвага жөнөтүлгөнүн билдиришти. Орусиянын баш прокурору Владимир Устинов кырсыктын бардык ыктымал себептери изилденип жатканын белгиледи. "Биз бир катар себептерди, анын ичинде ыктымал террордук акт, техникалык мүчүлүштүк, адамдардын жеке жагдайын да иликтеп жатабыз", - деди Москвалык баш прокурор. Президент В.Путин Сочидеги эс алуусун токтотуп, Москвага кайтып барып кырсыктан жабыр тарткандарга көңүл айтты. Кошмо Штаттар Орусияга иликтөө иштерине жардам көрсөтүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG