Бүгүнкү билдирүүдө айтылгандай, Дарфур кризисине гуманитардык жардам көрсөтүүгө 700 миллион доллардан ашык каражат керек, бирок уюм бүгүнгө чейин мунун үчтөн бирин гана алды. Судандын Дарфур аймагында өкмөт колдогон араб куралчандары жүргүзгөн жортуулдарда бир миллиондон ашык кара түстөгү адамдар үй-жайларынан ажыраган.