Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Алданган аманатчылар мамлекет башчысы менен соодалашууда


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев 2005-жылдагы президенттик шайлоого чейин «Рентон групп», «Инсан», «Курулуш», «Меркюрий» жана башка банктарга алданган аманатчылардын акчасын кайтарып берүүгө көмөктөшсө, аманатчылар Аскар Акаевди келечекте да бийликте калтыруу демилгесин көтөрүшүп, шайлоодо Акаевди колдоп добуш беришет. Мындай кайрылууну курамына «Рентон групп» «Инсан», «Курулуш», «Меркюрий» жана башка банкрот деп жабылган банктарга алданган аманатчылар киришкен «Аманатчылардын жана пенсионерлердин бирикмеси» президент Аскар Акаевге жолдошту. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына «Аманатчылардын жана пенсионерлердин бирикмесинин» башчысы Жолборс Мырзапаязов билдирди. Анын айтымына караганда, мамлекет башчысынын дарегине мындай кайрылуу аталган бирикменин башкармалыгынын жекшемби күнү кечинде, Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды. «Жакынкы күндөрү мындай кайрылуунун тексти өкмөттүк маалымат каражаттарына жарыяланат»,- деп кошумчалады Жолборс Мырзапаязов.

XS
SM
MD
LG