Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

1-СЕНТЯБРДА МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ АКЫРКЫ СЕССИЯСЫН БАШТАЙТ


Конституцияга ылайык 1-сентябрда парламент ишин баштайт. Кош палаталуу экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин бул акыркы сессиясы. Анткени февраль айында жаңы парламент шайланат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматынын маалымдоосуна караганда, палатанын күзгү сессиясы Абсамат Масалиевди эскерүү менен башталат. Сессия бул күнү расмий түрдө ачылган менен эч кандай маселе каралбайт. Анткени регламентке ылайык шаршемби күндөрү Мыйзам чыгаруу жыйыны комитеттерде иштөөгө тийиш. Бейшемби күнү болсо сентябрь айында карала турган маселелердин күн тартиби бекитилет. Палатынын сот-укуктук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаров алгачкы күндөрү карала турган маселелер тууралуу билдирди:

- Жума күнү өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча өкмөттү угалы дедик. Андан кийин шайлоого даярдыктын кандай жүрүп жаткандыгы боюнча Борборшайлоокомдун маалыматын угабыз. Бул маселелерден соң күн тартибиндеги мыйзам долбоорлорун кароого өтөбүз.

Өкмөт сентябрь айынын ичинде энергетика тармагына байланыштуу бир катар мыйзамдардын парламентте жактырылышына жетишүүгө аракеттенүүдө. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Санжарбек Үмөталиевдин маалыматы боюнча, тармакка тиешелүү мыйзам долбоорлор Мыйзам чыгаруу жыйынына жөнөтүлдү.

Бирок ал мыйзамдардын парламентте кабыл алынышы татаалдыгын өкмөт башчы жакында эле өткөн жыйындардын биринде билдирген эле:

- Бул парламенттин акыркы сессиясы, ошондуктан алар популярдуу эмес кадамдарга барбайт. Буга байланыштуу биз сунуштаган мыйзам долбоорлор, отчёттор так болуп, максаттарыбыз айкын көрсөтүлүш керек.

Өкмөт башчынын мындай кооптонуусун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кабай Карабеков ырастап, энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча мыйзам долбоордун палатада жактырылышы кыйын болот деди:

- Ал мыйзамдарды кабыл алуу жеңил болбойт.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын быйылкы күзгү сессиясынын өзгөчөлүгү - Жогорку Кеңешке жаңы шайлоонун жакындыгында жана азыркы депутаттардын көпчүлүгүнүн кайрадан шайланып келүү үмүтү бардыгында болууда. Ошондуктан, депутаттар мыйзам кабыл алуу эмес, өз округдарында иштөөгө артыкчылык бериши ыктымал. Муну премьер-министр Николай Танаев да өз сөзүндө белгилеген. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны болсо күзгү сессиясын октябрь айынын соңунда баштаары маалымдалган. Анда да энергетикага байланыштуу орчундуу мыйзам долбоорлор жана азыркы өкмөт тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу концепция каралмакчы. Бул реформанын алгачкы бөлүгү жазында болгон. Ага ылайык экономика министрлиги түзүлгөн эле.

Ал эми келерки жылдын февраль айынын соңунда азыркы кош палаталуу парламенттин ордуна 75 мүчөсү бар бир палаталуу Жогорку Кеңеш шайланат. Ошону менен эки гана жолу чакырылган кош палаталуу парламент Кыргызстандын тарых барактарынан орун алмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG