Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

БУШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ДЕМОКРАТИЯНЫ ОРНОТОТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары АКШнын президенти Жорж Буш Республикалык партиянын курултайында сүйлөгөн сөзүндө Жакынкы Чыгышта демократиялуу ачык коом түзүүгө убада берди. Президент ошондой эле, дагы бир мөөнөткө шайланса өкмөттүн терроризмге каршы күрөшүү стратегиясы күчүндө кала бере турганын баса белгиледи.

Курултайда сүйлөгөн сөзүндө президент Жорж Буш Жакынкы Чыгышта реформалардын ишке ашырылышы Американын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этээрин белгилеп, Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө терроризмге негиз берип жаткан себептерди жойуп, жок кылуу үчүн америкалыктардын колдоосун суранды. "Америка Кошмо Штаттары Жакынкы Чыгышты ачык коом болтурууга милдеттүү", деди Буш.

- Америка Жаңы кылымда эркиндиктин чыйырын салууга милдеттүү. Менимче Жакынкы Чыгыштын миллиондогон эли азаттыкты көксөп, Кудайдан тилек кылып жатат. Эгерде мүмкүндүк берилсе, алар адам баласы мурда түзүп көрбөгөн өкмөттү негиздешет, деп ойлойм. Менин ишенимимде Эркиндикти Дүйнөгө Америка белек кылбайт, бул Кудайдын ар бир аял менен эркекке бул дүйнөдө бере турган белеги,- деп айтты Буш миңдеген партиялаштары жана тарапкерлинин алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Буштун сөзүнүн теңи тышкы саясатка, Жакынкы Чыгышта демократияны орнотуу темасына арналды. Демократтардын талапкери Жок Керри менен президенттикке ат салышып жаткан Буштун эң ооруксун маселелеринин бири - Ирак. Америкалык аскерлер баштаган коалиция Иракка басып кирген бир жарым жылдан бери Американын 1000ден ашуун аскерлери курман болду.

Курултайда сүйлөгөн сөзүндө Буш Иракка согуш ачканын дагы бир жолу актап чыкты. Иракка согуш ачуу 11–сентябрдагы теракттардан кийин кабыл алынган эң оор чечим болгонун белгилеп, мени мындай кадамга Саддам Хусейиндин кыргын салуучу куралдарды жойуу маселесинде кызматташуудан баш тартканы түрткүлөдү, деп айтты президент:

- Мындай оор чечим кабыл алуу милдетине туш болгонду бир да президент каалабайт. Бирок ар бир президент буга даяр болушу керек. Мен же 11-сентябрдын сабактарын унутта калтырып же мекенимди коргоп калышым керек эле. Мен бул экөөнүн бирин тандап, Американы ар убак коргоону чечтим,- деди Буш.

Январь айында Иракта жалпы шайлоо, ал эми октябрь айында Ооганстанда президенттик шайлоону өткөрүү пландаштырылууда. Бирок эки өлкөдөгү коопсуздук жагдайы добуш берүүгө үлкөн коркунуч келтирип жатат. Буга байланыштуу президент бул өлкөлөрдө демократиялык реформалар жүзөөгө ашмайынча америкалык аскерлер ал жерден чыгарылып кетпей турганын айтты:

- Ирак менен Ооганстандагы милдетибиз ачык- айкын: Биз жаңы жетекчилерге улуттук армияны калыптандырып, шайлоого кадам таштоого, өлкөлөрдөгү абалды, мүмкүн болушунча тез арада турукташтырып, демократиянын жолуна түшкөнгө жардам беребиз. Биздин аскерлер мекенине бул максат ишке ашканда гана сыймыктануу менен кайтып келишет,- деди президент.

Буш, ошондой эле, эгерде ал президент болуп дагы бир мөөнөткө шайланса, дүйнөнү коопсуз кылууга аракеттене турганын кошумчалады:

- Америка президентинин эң маанилүү милдеттеринин бири - Америка элин коргоо. Эгерде бул кылымда Америка чабалдыгын көрсөтсө, анда бүткүл дүйнө жамандыкты көздөй бет алат. Мен буга жол бербейм.

Буш бул жалындуу сөзүн сүйлөп жаткан учурда Нью-Йоркто онмиңдеген америкалыктар каршылык көрсөтүү демонстрацияларын өткөрүп, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышты. Шаардыктар менен Американын чар тарабынан келген жарандар Ирактагы согуштун токтотулушун талап кылышты. Республикалыктардын курултайы башталгандан бери күн сайын тынбай өткөрүлүп келаткан демонстрацияларга жекшемби күнү 125 миң киши катышкандыгы маалымдалды.

Буштун саясатын анын демократ атаандашы Жон Керри да кескин сынга алып жатат. Керринин айтымында, Ирак согушун баштоо менен Буш өлкөнү теңирден-тескери жакка бурду. Саламаттык сактоо тармагындагы проблемаларды, жумушсуздук жана энергетика маселелерин чече албаган адам өлкөнү жетектөөгө жөндөмсүз, деп айтты демократ Керри.

XS
SM
MD
LG