Жума күнү Голландиянын тышкы иштер министри Бернард Бот Орусиянын бийликтеринен бул трагедияга кандайча жол берилгенин түшүндүрүүнү сураган эле. Орусиянын тышкы иштер министрлиги дароо Боттун сөзүн бой көтөрүүчүлүк менен айтылган, адамгерчиликке сыйбаган мерездик деп айыптаган.
Евросоюздун тышкы байланыштар комиссарынын маалымат катчысы Эмма Удвин бүгүн дипломатиялык чатакты түшүнбөөчүлүктүн натыйжасы деп сыпаттады.
Европа Биримдигинин өкүлдөрү бүгүн Беслан трагедиясында каза болгондорду бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.