Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Бесланда жабыркагандарга жардам көрсөтүлмөкчү


БИШКЕК. 9-сентябрда кыргыз элинин атынан Бесландагы террордон жабырланган атуулдарга жалпы суммасы 682 миң сомдук 32 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Гумитардык жардам Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин демилгеси менен өлкөдөгү айрым министрликтер, ишканалар жана жеке атуулдардын эсебинен чогултулду. Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, гуманитардык жардамдын ичинде террордон жабыр тарткан атуулдарга кийим-кече, тамак-аш жана башка керектүү нерселер бар.

Ушул эле күнү гуманитардык жардам Орусиянын Канттагы авиа базасына жеткирилип, жакынкы күндөрү ал Кыргызстандын коргоо министрлигинин катышуусу менен Бесланга жөнөтүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG