Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Алданган аманатчылар пикетке чыгышты


БИШКЕК. "Рентонгрупп" ишкана жетекчилигине алданган беш жүзгө жакын аманатчылар бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алданган аманатчылар менен жолугушууга депутат Дүйшөн Чотонов жана Николай Байло чыгып сөз сүйлөштү. Николай Байло миңдеген аманатчылардын алданышына аткаруу бийлиги түздөн-түз күнөөлүү экендигин айтып, «Рентонгрупп» жетекчилигине алданган аманатчылардын маселеси жакын арада Мыйзам чыгаруу жыйынында карала тургандыгын маалымдады.

«Рентонгрупп» ишканасынын жетекчилиги 2003-жылдын август айында белгисиз жакка качып кеткендиги маалымдалган. Демилгелүү топтун маалыматына караганда, ишкана жетекчилиги өлкө боюнча үч миңге жакын атуулдун 250 миллиондой сом акчасын алып кеткен.

Ал эми аталган маселе Мыйзам чыгаруу жыйынынын Экономикалык саясат жана ишкерчилик комитетинде каралганда миңдеген атуулдарды алдап качып кеткен «Рентонгрупп» ишканасынын жетекчиси Эдуард Пак мамлекет башчысы Аскар Акаевдин кеңешчиси деген документ алып, ал эми жеке автоунаасына жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерге берилүүчү КS номерин тагып жүргөндүгү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG