Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Исмаил Хан Гераттын акимдигинен бошотулду


КАБУЛ. Ооган кол башчысы Исмаил Хан Гераттын акимдигинен кетүүгө макул болду. Бирок ал өкмөт сунуш кылган жаңы кызматты өткөрүп алуудан баш тартты. "Мен өкмөттүн буйругун урматтайм, бирок аскери адам катары өкмөт ишин аткарууга жөндөмүм жок деп эсептейм" деди ал.

Мындан мурдараак Хан өлкөнүн кен жана өнөр жай миинстри болуп дайындалганы кабарланган болучу. Исмаил Хан борбордук өкмөткө берилгендигин бир нече курдай кайталаган, бирок ошого карабастан жеке сакчылыгында ондогон миң жоокери бар аким Кабулдун тынчын алып келаткан. Саясий оппоненттерин абакка салып, айоосуз кыйнаган аким укук корго уюмдарына күч менен бийлик жүргүзгөн, кызыл камчы жетекчи катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG