Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:23

Ирак президентинин айтымында, өлкөдөгү террор күч алып баратат


Брюссел шаарына келген Ирактын утурумдук президенти Гази ал-Явердин айтымында, өлкөдө террорчулук күч алды. Кечээ күнү Багдад шаарынын түндүгүндө башы алынган үч дене табылды. Рамади шаарындагы кагылышуу учурунда 12 адам окко учту. Киркук шаарында болсо согушкерлер америкалык компания үчүн иштеген эки курулушчуну атып өлтүрдү. Ал эми ал-Анбар провинциясында бир америкалык аскер атып өлтүрүлдү. Президент Жорж Буштун өкмөтү кечээ күнү билдиргенге караганда, Ирактын эл чарбасын калабына келтирүү үчүн бөлүнгөн үч миллиард 460 миллион доллар алынып, коопсуздук чаралы үчүн жумшалат.

XS
SM
MD
LG