Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Казакстан шайлоого даяр эместигин көрсөттү


БИШКЕК. Казакстандагы төмөнкү палатага депутаттарды шайлоого мамлекет жана Казкстандын Борбордук шайлоо комиссиясы даяр эместигин көрсөттү,-деп билдирди укук коргоочу Турсунбек Акун бүгүн “Азаттык” радиосуна.

Анын айтымында, шайлоого катышкан Алатоо округу боюнча Алмалы районунун №59-60 шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмеси толук жазылган эмес. Айрым шайлоочулар шайлоо участокторуна келип, тизмеде аты-жөнү жоктугунан добуш бералбай кайра кеткен учурлар кездешкен.

Ал эми Казакстанда быйыл жаңыдан киргизилген электрондук шайлоо системасы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, шайлоочулардын жарымы электрондук системаны колдонгон эмес.

Ошондой эле президент Нурсултан Назарбаевдин “Отан” саясий партиясын, Дарига Назарбаеванын “Асар” партиясын жана акчалуу ишкерлердин “АИСТ” партиясын мамлекеттик телерадиокомпаниялары шайлоо алдындагы үгүт иштеринде байма-бай чагылдырып турган.

Ал эми оппозициялык маанайдагы 3 партияга үгүт иштеринде бийлик тарабынан кысым болгондугун билдирди Турсунбек Акун.

Айрым маалымат каражаттарынын билиришинче, 19-сентябрдагы Казакстанда төмөнкү парламентке шайлоодо "Отан" партиясы 43%, “Асар” партиясы 20%, оппозициялык маанайдагы "Ак жол" партиясы 7% добушка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG