Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:48

Шрөдер коопсуздуктун начарлыгына карабай Ооганстанга барат


Бүгүн Германия өкмөтүнүн өкүлү Томас Стег маалымдагандай, ооган жериндеги коопсуздук коркунучтарына карабай, Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр 11-октябрда Кабулга барууну пландаштырып жатат.

Стегдин айтымында, Шрөдөр Азия мамлекеттерине жасай турган визити учурунда Ооган президенти Хамид Карзай менен да жолугушмакчы.

Кечээ Ооганстанда НАТОнун аскер бөлүктөрүнүн катарындагы эки миңдей германиялык аскерлердин арасында алтоосуна жасалган чабуулдан кийин Шрөдөр “Ооганстанга барбай калышы да мүмкүн” деген болчу.

XS
SM
MD
LG