Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

БУУнун комитети балдардын мектепке барбай калганына кабатыр


БИШКЕК. Бириккен улуттар уюмунун балдардын укугун коргоо боюнча комитетинин кезектеги сессиясы 2-октбрда Женева шаарында аяктады. Анда Бразилия, Хорватия, Ангола, Кыргызстан жана башка бир катар өлкөлөрдөгү балдардын укугун коргоонун абалы тууралуу маалыматтар угулду.

Комитет мүчөлөрү өзгөчө соңку жылдары Кыргызстанда көптөгөн жаш балдар жашоо-турмуштун оордугунан мектептерге барышпай калганына тынчсыздангандыгын билдиришти.

Ошондой эле жыйында Кыргызстандагы Балдар кодексинин айрым беренелери балдарды коргоо боюнча эл аралык конвенциянын талаптарына жооп бербей турганды айтылды. Жыйындын соңунда сунуш-пикирлердин токтому иштелип чыгып, аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жөнөтүлдү. Мындай маалыматты БУУнун жаңылыктар борбору таратты.

 

XS
SM
MD
LG