Ливия Евробиримдиктин ага карата киргизилген соода санкцияларын жана курал сатууга коюлган эмбаргону токтотуу жөнүндөгү чечимин "ири саясий жеңиш" деп баалады. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери мындай чечимиди кечээ Люксембургдагы жыйынында кабыл алган болчу. 11 жыл илгээри киргизилген санкциялардын жоюулушу аталган өлкө өзөктүк курал программасынан баш тарткандыгына жооп ирээтинде жасалды. Ливиянын расмий маалымат агенттигинин билдирүүсүндө диалог жана сүйлөшүү жүргүзүү конфликтерди чечүүнүн эң мыкты жол экени белгиленет.