Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:31

Пакистан жаңы ракетаны ийгиликтүү сынады


Пакистандын коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, өлкөдө бүгүн жаңы ракеталык сыноо өткөрүлдү. "Гаури" деп аталган ракета өзөктүк дүрмөттү бир жарым миң чакырым алыстыкка жеткире алат. Сыноо өткөрүлөөр алдында Пакистан жетекчилиги кошуна Индиянын өкмөтүнө ал тууралуу кабар берген. 1998-жылы Индия биринчи расми өзөктүк сыноо өткөргөндө, Пакистан дагы бир нече күндөн кийин сыноо өткөрүп, эки өлкө дүйнөнүн өзөктүк дөөлөттөр катарына кошулган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG