КАРАКОЛ. Туристтик маалымат борбору Ысыккөлдү регионалдуу өнүктүрүү боюнча «ТАСИС» программасынын жана Ысыккөл биосфералык аймагынын биргелешкен иш аракеттери менен ачылды. Бул тууралуу маалыматты облустук туристтик кызмат көрсөтүү Ассоциациясынын президенти Талант Абдыкасымов билдирди. Анын айтымында, «Ысыккөлдүн дарбазасы» аталган Балыкчы шаарында туристтик маалымат борборунун ачылышы зарыл. Анткени бул борбор аркылуу чет өлкөлүк туристтерге кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо маселеси да чечилмекчи. Ошондой эле Ысыккөлдүн ажайып жаратылышына кызыккан туристтер жарнамалык материалдар менен толук камсыз болушат, бул үчүн бардык шарт жетиштүү.